"Ош базарында" чыккан 4-өрттөн жабыркаган соодагер: "Үч жарым ай өттү. Жок жерден зыян тарттык, эч кандай жардам көрсөтүлгөн жок"

"Ош базарында" 4-декабрга караган түнү чыккан өрттөн бери үч жарым айга чукул убакыт өттү. Учурда ал өрттөн чыгым тартып, белчеден карызга баткан соодагерлер өз көйгөйлөрү менен алек. Зыянды бир эмес, эки ирет эсептеп чыгууга убакыт жетиштүү болсо да жабыркагандарга эч кандай жардам көрсөтүлө электигин айткан соодагерлер кандайдыр бир колдоо же жардамдан үмүтүн үзгөндөрүн жашырышкан жок.

SUPER.KG порталына "Ош базарындагы" төртүнчү өрт кырсыгынан жабыркаган соодагерлердин бири аларга ушул күнгө чейин көңүл бурулбаганына токтолду. Өрттүн кесепетинен жабыркагандардын карызынын көлөмү 600 миң сомдон 2 миллион сомго чейин жеткени белгилүү.

"Товарларыбыз өрттөнүп, чыгымдарга учураганыбыз баарына белгилүү. Башында көп нерсе убадаланганы менен, эч кандай жыйынтык чыккан жок. Болгону март айына чейин соода орундарыбызга ижара төлөөдөн бошотулганбыз. 1-марттан тарта алдын-ала ижараны төлөп бердик. Кышында соода жакшы болбой калат, карыздарыбыздан деле кутула алган жокпуз. Мен товар алып жүргөн адамдар менен карыздардан күзүндө толук кутулам деп сүйлөшкөм. Башка сатуучулардын басымдуу бөлүгү деле жай ичи иштеп, күзгө чейин төлөп бүтөбүз деп үмүт байлап жаткан чагы. Ал эми өрттөн канча чыгым болгонун, кандай жардам каралганы бизге белгисиз бойдон калууда", - дейт соодагер.

Окуянын чоо-жайы:

"Ош базарында" 4-декабрга караган түнү чыккан өрттөн 40ка жакын соодагердин соода оруну толугу менен күйүп кеткен. Аймактык тескөөчү окуядан бир күн мурун базар жабык болгонун жана ширетүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген.

Аталган базарда төртүнчү жолу өрт кырсыгы катталууда. Буга чейин "Ош базарында" 3 жолу өрт кырсыгы болгон. Биринчи жолу 30-январда эртең менен базардын борбордук бөлүгүнө кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан. Андан кийин март айында ошол эле жер, "Сейтек" соода борбору өрттөнгөн. 13-апрелде базардагы "Берекет" соода түйүнүндө өрт чыгып, бир нече соодагер миллиондогон чыгымга учурашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан