Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жаңы мектептин ачылышы болуп ага президент Эмомали Рахмон жана шаар мэри Рустам Эмомали баш болгон топ катышкан. Чет элдик маалымат булактарынын жазганына караганда, ачылыш аземде эки окуучу, андан кийин эки мугалим эс-учун жоготуп жыгылышкан. 2 мугалим президенттин көз алдында эс-учун жоготкон.
Мектептин ачылышы 15-март күнү болуп, анын катышуучулары өлкө башчысы менен шаар башчысын эртең мененки 9дан саат 14:00гө чейин күтүшкөн. Бул көрүнүш Эмомали Рахмондун маанайын бузуп, кол алдында иштегендердин ишин сындаган.
"Президент деле адам да. Эмнеге ал келет десе адамдарды ачка кармайсыңар. Бир чыныдан кофе менен бир токочтон берип, чай уюштуруу кыйын беле? Уюштурулуш керек болчу", - деген президент абалдан кийин.
Бирок ал окуучулардын жыгылып калганын көргөн эмес.
"Тажикстанда жүздөгөн адамдарды, алардын арасында балдарды да кошуп президент менен жолугушуу салтка айланып бара жатат. Бирок Тажик президенти мындай көрүнүштөгү жолугушууларды уюштурбоону, анын урматына деп уюштурулганы менен, туура эмес көрүнүш экенин айтып келет", - деп жазылат маалыматта.