Фотограф: "Ысык-Көлдү байырлаган фламингону сүрөткө тартуу үчүн 3 күн убакыт кетирдим"

Фотограф Иван Турковский бул жылы да Ысык-Көлдү байырлаган кызыл канат канаттууларынын сүрөттөрүн жарыялады.

Сүрөттөрдү социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн фотограф фламинголорду табуу үчүн декабрь-январь айларында бир нече жолу Ысык-Көлдүн жээгин кыдырганын жана февраль айында гана ийгилик жылмайып кызыл канаттууларды кезиктиргенин жазган.

"Эсиңерде болсо, былтыркы жылы Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде кыштаган фламинголорду сүрөткө тартып жарыялагам. Аларды бул жылы да көрүүгө каалоом абдан күч болду.

Декабрь-январь айларында ак куулардын арасынан кызыл түстөгү канаттарды издеп, бир нече жолу көл жээгин кыдырдым. Февраль айында гана мага ийгилик жылмайып, фламингону кезиктирдим. 3 күн убактымды кетирип, бир нече жолу кызыл канаттууну сүрөткө тарта алдым.

Дароо эле тарткан сүрөттөрүм менен бөлүшкүм келген. Бирок башкалар да фламингону көргүсү келип, анын тынчын албасын деп жаз айларын күтүүгө туура келди. Анткени бул канаттуунун тынч жашоосуна жолтоо болуу кайгылуу аяктап калышы мүмкүн. Фламинголор - тынчтыкты сүйгөн канаттуулар. Азыр алар биздин өлкөбүздөн учуп кеткенине байланыштуу сүрөттөрдү жарыялап жатам", - деп билдирүү калтырган Турковский.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын январь айында да Иван Турковский Ысык-Көлдү байырлаган фламингонун сүрөттөрүн жарыялаган.

Айрым маалыматтарга ылайык, фламинго 1933-жылы февраль айында Ысык-Көлгө учуп келгени белгилүү болуп, 1954-жылы күз айларында Ысык-Көлдүн түштүк-батыш жээгинен 4 фламингонун жүргөнү такталган. 1998-1999-жылдары кышында Балыкчы шаарынын аймагында 12 канаттуу, 2002-2003-жылдары бир фламинго бар экени маалым болгон.

Жер жүзүндө фламингонун 6 түрү кездешет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aiymkunumjyldyzym
2019-03-18 14:53:56
Sonun go,adamdar biri birin kordop jatsa,bul surotchu baikebiz(orus bolso da)flamingonu korgop,aiap jurgonu jakwy eken.Emi munu keeboiri tuura emes tuwunup alywat boluw kerek,
0
a.sheralievic.91
2019-03-18 20:34:26
Азаматсың автор
+2
nurbek11
2019-03-19 00:16:50
Азаматсын красавчик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан