Кытайдын Хубэй провинциясында иероглифтерди окуй албай калган балдарды указка менен сабаган тарбиячы жумушсуз калды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, тарбиячы балдарды сабап жаткан учур видеого түшүп калып, интернетке тарап кеткен. Муну көргөн интернет колдонуучулар мугалимди жоопко тартууну талап кылышкан.
“Териштирүү иштеринин алкагында тарбиячынын жоругу ал иштеген бала бакчанын жетекчилигине жетип, жумуштан кетирилген. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдиришип, бирок анын чоо-жайы тууралуу эч кандай маалымат беришкен эмес", - деп айтылат маалыматта.
Февраль айында Италиядагы кытайлардын бала бакчасында да ушул сыяктуу окуя орун алган. Анда балдарды аёосуз сабаган эки тарбиячы камакка алынган. Алар 3 жаштан 6 жашка чейинки 10го жакын баланы катуу сабаганы айтылат. Видеодо 38 жаштагы Чжэн Моли жана 36 жаштагы Хун Пинпин аттуу тарбиячылар балдарды тепкилеп, желкесинен кармап жерге ыргытканы тартылган.