Жаңы Зеландиядагы мечитке кол салуу. Өлкөнүн премьер-министри мусулман лидерлери менен жолугушууга жоолук салынып келди

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн Крайстчёртч шаарындагы 2 мечитке кол салуу болгондон кийин аталган аймактагы мусулман лидерлери менен жолугушту. Жолугушууга премьер-министр жоолук салынып келгенин чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Ардерн өлкөдөгү мусулман коомчулугунун коопсуздугун сактоо үчүн бардык күчүн жумшаарын билдирип, ок атуучу курал-жарактар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизерин убадалаган.

"Менин милдетим - силердин коопсуздугуңарды, кайсы бир динди тутунуудагы эркиндигиңерди камсыз кылуу. Жаңы Зеландия улутчулдардын жана ксенофобдордун өлкөсү болгон эмес жана болбойт. Акыркы убакта орун алган окуялар Жаңы Зеландиянын чыныгы жүзү эмес.

Мен кол салууга 9 мүнөт калганда Брентон Тарранттын манифестин алдым. Бирок анда теракт кайсы жерде уюштурулары айтылган эмес. 2 мүнөттөн кийин манифест коопсуздук кызматынын колуна тийди. Тилекке каршы, кол салуунун алдын алууга мүмкүн болгон жок", - деп билдирген Жасинда Ардерн.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

15-март күнү Брентон Таррант аттуу адам Крайстчёртч шаарында жайгашкан эки мечитке кол салып, мечиттин ичинде адамдарды аткылаганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 17 мүнөттүк түз эфир менен көрсөткөн. Ошондой эле видеонун алдына мындай кадамга эмне себептен баргандыгын түшүндүргөн манифест жарыялаган. Манифестте ал башка мечитке да кол сала турганын билдирген.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри мусулман лидерлери менен жолугушууга жоолук салынып келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2019-03-19 11:29:25
Молодец аял экен го.
+2
Nurbelek.
2019-03-19 13:08:18
Мусулман теерисин жамынган каапырлар адам өлтүрсө "Мусулман террорист" дешет, а каапырлар ачык эле күнөөсүз мусулмандарды кырып салса ал эмне анда? Негиз акш рф европалар накта террорист фащисттер.
+4
admin_portal
2019-03-19 13:25:11
Nursbaike, кимдир бирөөнү мазактоого, кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
-2
KAYRATBEK
2019-03-19 13:34:40
Мусулман эмес болсо да журогундо мусулмандарды сыйло урматтоо бар экен. А биздин журналистер атасындай болгону илимдуу аалымдарыбыздын астында ата-бабасы мусулман болуп. Мусулмандын кызы болуп тырдалай жоолугу жок отурат. Улгу алгыла тан калгандын ордуна.
+14
Dinmuhammed
2019-03-19 14:00:55
КАYRАTБЕК туура айттыныз созунузго кошулам.
+3
JENTLEMAN
2019-03-19 16:29:14
Атайын уюштурулган терак, себеби Жаңы Зеландия англиянын карамагындада, англия болсо мусулмандардын номер 1-душманы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан