КСДПнын өзүн расмий оппозициялык партия атаганы коомчулукта талкуу болуп жатат. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон өтүп аталган партиянын тизмеси менен куралган КСДП фракциясы бийликтин көз карашын карманган көпчүлүк коалицияда. Партия оппозицияда болгон учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын кадамдары кандай болгону туура?
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП партиясы оппозицияга кеткенин расмий жарыялады. КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгышы керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жооп берди.

Ал Кыргыз мамлекетинин Баш мыйзамында партия менен фракциянын жашоосу эки башка көрсөтүлүп калганын айтты.
“Партия оппозицияга кетсе фракция көпчүлүк коалициядан чыгышы керек деген талап жок. Анткени мыйзамда антип жазылган эмес. Кыргыз мамлекетинин негизги мыйзамында партия менен фракциянын айырмасы болуп калыптыр. Партия өзүнүн жашоосу менен жашай берет. Ал эми фракция өзүнүн турмушу менен жүрө берет. Мыйзамда чыгышы керек деген негиз келтирилбесе дагы менин жеке пикиримде КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгып кетсе жакшы болмок”, - деди Масалиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары
Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Чыныбай Турсунбеков, Төрөбай Зулпукаров, Алмамбет Шыкмаматов, саясат таануучу
Игорь Шестаков жана КСДПнын юристи
Нурбек Касымбековдун пикири бул
шилтемеде.