Депутат Ирина Карамушкина: "Президенттин иниси Жогорку Кеңешти жана фракцияны көзөмөлдөп, үй-бүлөлүк, кландык башкаруу жанданууда"

КСДПнын өзүн расмий оппозициялык партия атаганы коомчулукта талкуу болуп жатат. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон өтүп аталган партиянын тизмеси менен куралган КСДП фракциясы бийликтин көз карашын карманган көпчүлүк коалицияда. Партия оппозицияда болгон учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын кадамдары кандай болгону туура?

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП партиясы оппозицияга кеткенин расмий жарыялады. КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгышы керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жооп берди.

Ал фракциянын оппозицияга өткөнү туура болмок деген пикирин айтып, көпчүлүк коалицияда калган депутаттарды сынга алды.
"Партиянын расмий жана мыйзамдуу лидери бийликке оппозициялык кыймылда барары боюнча коомдук билдирүү жасады. Башкы себеп саясий кеңештин чечимдерин аткарылбашы жана бийликтеги коррупция менен күрөшүүдөгү коюлган талаптарга дал келбеши болду. Анткени Матраимовдун бажы тармагына таасири тийип, вице-премьер-министрлердин биринин катышуусунда аткезчилик менен жүктөр ташылып жатат. Президенттин иниси Жогорку Кеңешти жана фракцияны көзөмөлдөп, үй-бүлөлүк, кландык башкаруу жанданууда. Эң кооптуусу Алмазбек Атамбаевдин жанында калган партиянын активдүү мүчөлөрүнө кысым көрсөтүү башталды. Негизи фракция оппозицияга өтүшү керек эле, бирок 4 адам гана өттү. Эч качан саясаттан жана бийликтин ыңгайлуу шарттарынан кетпей тургандар Иса Өмүркулов менен калышты. Көпчүлүк депутаттардын бизнеси бар эмеспи, алар коркоктук кылышты. Болбосо убагында Атамбаев алардын бизнесине көмөк көрсөткөн. Асылбек Жээнбеков тарапта калгандар чыккынчылык кылышты, коркушту. Эми оппозицияда болууга алардын алы да жетпейт. Мурдагы партиялаштары басымга кабылып жатканы тууралуу эч кимиси үн каткан жок. Мамлекеттик органдардын Атамбаевдин кадрларын кызматтан алып, кландык режим өлкөнү башкарып жатат", - деди Карамушкина.
Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Исхак Масалиев, Чыныбай Турсунбеков, Төрөбай Зулпукаров, Алмамбет Шыкмаматов, саясат таануучу Игорь Шестаков жана КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан