КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков: “КСДП фракциясы көпчүлүк коалицияда калуусу акылга сыйбайт”

КСДПнын өзүн расмий оппозициялык партия атаганы коомчулукта талкуу болуп жатат. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон өтүп аталган партиянын тизмеси менен куралган КСДП фракциясы бийликтин көз карашын карманган көпчүлүк коалицияда. Партия оппозицияда болгон учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын кадамдары кандай болгону туура?

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП партиясы оппозицияга кеткенин расмий жарыялады. КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгышы керекпи?" деген соболуна КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков жооп берди.

Анын айтуусунда, КСДП фракциясынын эл өкүлдөрү партиянын программасы менен шайланып келген, алардын көпчүлүк коалицияда калуусу шайлоочулардын алдында ыңгайсыздыкты жаратат.
“КСДП фракциясы, КСДП партиясынын тизмеси менен келген. Партия менен келгенден кийин алардын көпчүлүк коалицияда калуусу акылга сыйбайт. КСДП фракциясынын депутаттары партия оппозицияга кетсе, фракция көпчүлүк коалициядан чыгышы керек деген Конституцияда көрсөтүлгөн эмес деп айтышы мүмкүн. Чындыгында биздин мыйзамда андай нерсе жазылган эмес. Кыргыз мамлекетинин тарыхында партия оппозицияга кетип, фракция эмне болот деген биринчи жолу болуп жатат. Ошондуктан көпчүлүк коалициядан чыгуу КСДП фракциясынын депутаттарынын көз карашына жараша болот. КСДПнын тизмеси менен чыгып Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланышты. Эми алар элдин алдында моралдык жоопкерчиликтерин сезиши керек. Анткени КСДП фракциясынын эл өкүлдөрү партиянын программасы менен шайланып келишкен. Шайланып келгенден кийин партияны унутуп, байланышты үзүп коюшту. Ошондой эле партиянын багытын колдошкон жок. Эгерде КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыкпаса шайлоочулардын алдында ыңгайсыз абалда калышат”, - деди Касымбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Исхак Масалиев, Ирина Карамушкина, Чыныбай Турсунбеков, Төрөбай Зулпукаров, Алмамбет Шыкмаматов, саясат таануучу Игорь Шестаков жана КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири бул шилтемеде.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан