Дүйнөлүк стилисттер өздөрүнүн тапкычтыгы менен көптөрдүн көңүлүн бурдуруп келишет. Бул ирет чачка чынжырча тагуу алардын өзгөчөлүктөрүнүн катарын толуктайт.
Мисал катары айтсак, жакында эле Нью-Йоркто өткөн мода жумалыгында америкалык модельер Кристиан Сирианонун көргөзмөсүндө моделдер узун күмүш чынжырчалар менен кооздолгон чач жасалгалар менен чыгышты.
Бул образдар стилист Жюстин Маржэнге таандык экени белгилүү болду. Ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына мындай чач жасалгалардын түрдүү варианттарын жүктөгөн.