Депутат Бакыт Төрөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Аксы окуясын эскерүүдө сүйлөгөн сөзүнө депутаттар жооп бериши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш жөнүндө сүйлөп, жаңы айып пулдар боюнча бизди күнөөлөдү. Ошого жооп бербейлиби? Мыйзамдардын демилгечиси ким, топту ким түзгөн, ким мыйзамдарга кол койгон? Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары, Алмазбек Атамбаевдин демилгелерин тизмектеп бербейлиби? Конституция өзгөртүү, сот реформасы боюнча аталган чакырылыштын депутаттары колдоп берген. Мына ушундай жакшынакай иштеп бергенбиз. Бул боюнча жооп беришибиз керек. Ал "алып келдим, өлтүрүп кетсе да мен катамды оңдойм" деди. Бул нерсени кандай түшүнсө болот? Мен УКМКнын, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө экс-президенттин күзөтүн күчөтүшүн сунуштайт элем. Ар кандай провокация болуп кетпесин. Ошого байланыштуу депутаттар укмаксан болуп отурганыбыз туура эмес", - дейт депутат.
17-мартта Атамбаев парламент тууралуу сын-пикирин айткан. "Парламентти карасаң бир тобу чимкириктей. Асылбек Жээнбеков "чимкиргиле" десе чимкиришет, "тарткыла" десе тартып алышат", - деген Атамбаев.