Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева депутаттардын оозун жапканга аракет жасап жатканын айтты.
"Депутат эл менен жолугуп жатып соттун чечими жөнүндө өзүнүн пикирин айтса УКМКга чакырылды. Соттор мыйзамсыз соттолгон Өмүрбек Текебаевди актап берсе анда биз унчукпайт болчубуз. Конституцияда депутаттардын пикирине эч ким баа бере албайт жана куугунтукка алынбайт деп жазылган. Ошондуктан парламент буга баа бериши керек", - деди Төрөбаев .
Буга чейин депутат Рыскелди Момбеков УКМКга чакырылган. Депутат айрым маалымат каражаттарына кызматка Бишкектеги ЖЭБ-2 конушунун тургундары менен жолугушууда сүйлөгөнүнө байланыштуу чакырылганын билдирген.