“Бизнеси жок, саясатка бышып калган депутаттарда эркиндик бар” дейт экс-депутат Равшан Жээнбеков

20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "чимкирик парламент" деп айтканына жооп кайтарды.

Ал сөз сүйлөп жатып экс-президенттин мөөнөтүндөгү ишмердүүлүгүнө карата сын айтып: "Сиз шыбаган Жогорку Кеңеш көз карандысыз комиссия түзүп, бир объектиден миллиондогон доллар уурдалганын аныктап чыккан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өкмөт отставкага кеткен. Мурдагы премьер-министрлер, экс-мэрлер, Бажы кызматынын жетекчилери камалганын билебиз. Жогорку Кеңеш мындан ары дагы көз карандысыз ишин улантат", - деди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Спикер Дастанбек Жумабеков бүгүнкү күндө парламент көз карандысыз деди. Ишенесизби?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков ишкер, олигарх эл өкүлдөрү бийликке көз каранды экенин айтты.

“Азыр өлкөдө мурдагыга салыштырмалуу жалпы эркиндиктер көбөйүп калды. Ошону менен бирге сөз эркиндиги да мурдагыга караганда бир топ жакшырды. Маалымат каражаттарына, журналисттерге болгон басым азайды. Ушул нерселердин бардыгы, албетте, Жогорку Кеңешке кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизүүдө. Мурдагыдай болуп эл өкүлдөрүн аябай көзөмөлдөгөн убакыт өтүп бара жатат. Депутаттарда анча-мынча эркиндик пайда болуп калды. Бардыгында эмес, бизнеси жок, саясатка бышып калган депутаттарда эркиндик бар. Ал эми ишкер, олигарх эл өкүлдөрү бийликке көз каранды. Өзгөчө президентке, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, прокуратурага, өкмөткө баш иет. Себеби алар өздөрүнүн бизнеси, мурдагы кылган кээ бир иштери үчүн коркконунан көз каранды болуп турат. Парламенттин кандайдыр бир деңгээлде эгемендиги пайда болду, бирок аны чоң жылыш деп айтканга болбойт”, - дейт Жээнбеков.

Экс-депутат Аида Салянова, мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов, жарандык активист Адил Турдукулов, коомдук ишмерлер Мукар Чолпонбаев, Ишенбай Кадырбековдун пикирлери бул топтомдо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан