Иракта эл ташыган кеме чөгүп, 70тен ашык адам каза болду

Иракта эл ташыган кеме чөгүп, 70тен ашык адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-мартта Мосул шаарындагы дарыяда болду. Буга Тигр дарыясындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүп кетиши себеп болгон. 55 киши куткарылды. Ал эми каза болгондордун көпчүлүгү аялдар менен балдар. Учурда дайынсыз болуп жаткандарды издөө иштери улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdullatif
2019-03-22 09:59:03
Массалык өлүм болуп жатат го,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан