Франциянын Брив-ла-Гайард шаардык соту футбол боюнча Франция курама командасынын оюнчулары Антуан Гризманн жана Килиан Мбаппенин атынан Гризманн Мбаппе деп ат койгону жаткан жубайларга уулуна башка ат коюусун милдеттендирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы Дүйнө чемпиондугунда Франция менен Хорватия беттешинде аты аталган футболчулар гол киргизишкен. Ноябрь айында уулдуу болушкан түгөйлөр ага Гризманн Мбаппе деген ысымды тандап туулгандыгы тууралуу күбөлүк алганы барышканда Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматындагылар мындай ысым ыйгаруу туурабы деген суроо менен прокуратурага кайрылган.
Арадан беш ай өтүп сот чечим кабыл алган. Анын чечиминде балага башка ат табуу керектиги айтылган. Сот мындай чечимди БУУнун балдар жөнүндөгү конвенциясына таянуу менен кабыл алган. Ал балага мындай ысым берүү менен ата-энеси анын кызыкчылыгын көп деле ойлогон эмес деген жүйө келтирген. Жубайлар баласына Дани Ноэ деген ысым ыйгарган.
Франциянын мыйзамдары ата-энелерге дээрлик каалаган атты коюуга уруксат берет. Ошентсе да ат баланы шылдыңдабагандай, анын келечегине залакасын тийгизбегидей болушу керектиги эске алынат.