Кытайдын тийиштүү министрлигине дааратканалардын жайгашкан жерин көрсөтүп туруучу онлайн-картаны түзүү тапшырмасы берилди. Чет элдик басылмалардын жазган маалыматына ылайык, мындай аракеттер чет элден келген туристтер үчүн жакшы шарт түзүү максатында жасалууда.
Baidu map тиркемеси ушул жылдын июнь айына чейин иштелип чыгып, анда 2019-жылга чейин курулган бардык дааратканалардын даректери камтылат. Учурда бул системге 20 миң ажаткана киргени жазылат маалыматта. Тиркемеде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ылайыкталып курулган дааратканаларды таап берчү атайын бөлүм да камтылган.