Кытайда кумар оюндарына акча табуу үчүн баласын сатып жиберген жаран кармалды

Кытайдын Гуйян шаарынын жашоочусу 1 жаштагы баласын карыздарынан кутулуу үчүн сатып жиберген. Мындай маалыматты Daily Mail басылмасы жазды.

Интернет аркылуу ойнолуучу кумар оюндарына берилип кеткен адам көп суммадагы акча карыз болуп калган. 60 миң юань (ред. кыргыз сомуна болжол менен 560 миң сомдой) өлчөмүндөгү акчаны табууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес, анткени ал жумушсуз болгон. Карыздарынан кутулуу үчүн кумарпоз өзүнүн 1 жаштагы баласын багып алуу үчүн бала издеп жүргөн үй-бүлөгө сунуштаган. Ал наристесин багууга каражаты жок экенин, аялы менен ажырашып кетип, ал эми өзүнүн ата-энеси каза болуп калганын айткан. Бала сатуучунун сөзүнө ишенген үй-бүлө акча берип наристени сатып алууга макул болушкан.

2018-жылдын ноябрь айында киши өзү жашаган аймактан 1,8 чакырым алыстыкта жашаган үй-бүлөгө баланы жеткизип берген. Ал эми аялына болсо баланы чоң апасыныкына жеткирип койгонун айткан. "Баланын кайда экенин сурасам, апамдыкына алып барып койдум деген. Качан мен ал тууралуу сураган сайын эле күйөөм ар кайсы шылтоону айта берчү", - деген анын аялы.

Окуядан 3 ай өткөндөн кийин баласын үйгө кайтарбаган күйөөсүнө ишенбеген аялы анын телефонун текшерип, сатып алган адамдар менен жазышкан сүйлөшүүлөрдү таап алган. Ошол эле күнү кайненесине барса, ал баланы алып келбегенин, небересин көргөн эместигин айткан. Ал маалда күйөөсү дайынын билдирбей жок болуп кеткен. Аны издеп отурбай аял полицияга кайрылган.

Полиция кызматкерлери баланы 14-мартта таап, апасына кайтарып беришкен. Ал эми баласын саткан жаранды шаардагы мейманканалардын биринде жашынып жашап жүргөн жеринен кармашкан. Ага адам сатуу беренеси менен күнөө тагылганы жазылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
souza.j
2019-03-22 13:08:59
Бала чонойгондо порсун берет
0
Kennedy
2019-03-22 18:33:04
Кайненесинен сурабайбы алып бардым деген убакта эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан