Дональд Трамп Сириянын "Ислам мамлекети" террордук уюмунан бошотулганын жарыялады

Кечээ, 23-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп Сириянын "Ислам мамлекети" террордук уюмунан бошотулганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, АКШ президенти жалпысынан 51 миң чарчы чакырымдан ашык аянт террордук уюмдун карамагынан ажырагандыгын белгилеген.

"Биз шериктештерибиз менен биргеликте "Ислам мамлекети" террордук тобу тарабынан көзөмөлдөнүп турган Сириянын аймактарынын 100 пайызын бошоттук. 2 жылдан бери миллиондогон сириялыктарды "халифаттын" чеңгээлинен ажыраттык.

АКШ шериктештери менен биргеликте террористтер менен күрөшүн уланта берет. Алар жер бетинен жок болмоюнча биз да токтобойбуз", - деп билдирген Трамп.

Сириядагы куралдуу кагылышуулар 2011-жылдан бери уланып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mirlan27011987
2019-03-24 18:38:08
Ислам мамлекети жок кылыштыбы. Эми бизден кеткендер бейишке кеттиби же тозокобу. Дин аркылуу карангы элди эксплуатация кылуу оной иш экени корунуп калды.
-1
Dalil
2019-03-24 19:00:13
Ислам мамлекети террордук уюмун АКШ өзү каржылап, ислам өлкөлөрүнө согуш ачуу үчүн колдонгон террордук уюм.
+2
altyn7776
2019-03-25 17:55:08
АКШ озу тузуп каржылаган уюмду озубуз жок кылдык деп атат...касамкор...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан