Норвегияда 1373 жүргүнчүсү бар круиздик кеме кырсыкка кабылып, куткаруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Кырсык кечээ, 23-мартта болгон. Круиздик кеменин кыймылдаткычы күчтүү толкундардан улам иштебей калган. Экипаж кызматкерлери жээкке окуя тууралуу маалымат жиберип, 4 тик учак менен куткаруу иштери башталган. Кырсыктан улам каза болгондор жок. 17 адам ар кандай жаракаттарды алган.
Куткаруу кызматынын жетекчиси Эйнар Кнудсен кеме чөкпөгөнүн жана анын ичиндеги адамдардын өмүрүнө кооптуу эч нерсе жок экенин белгилеген.
"Кеме азыр жээктен 5 чакырым алыс жерде турат. Якорлор аны чөктүрбөй кармап турганы менен, толкун болгон учурда чайпалып, ичиндеги эмеректер эки жакка жылып жатат. Жүргүнчүлөрдүн бардыгы кеменин коопсуз тарабына жылдырылган. Куткаруу иштерине бир топ убакыт талап кылынат", - деп билдирген Кнудсен.
Акыркы маалыматттарга ылайык, 1 күн ичинде 463 жүргүнчү куткарылды. Тик учак менен куткаруу иштери көп убакытты талап калганына байланыштуу, бүгүн, 24-мартта кемени жээкке сүйрөп келүү чечими кабыл алынды. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, кырсыкка кабылган лайнер башка 2 кеменин жардамы менен Норвегия убактысы боюнча 16:00дө (Бишкек убактысы боюнча 21:00) жээкке жеткирилет.