Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында "Көчмөндөр ааламы" деп аталган фестивалдын башталуу алдында кокустуктан бутун сындырып алган каскадёр Светлана Аширова үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу апасы Айнаш Ашировага бүгүн, 25-мартта байланышканбызда SUPER.KG порталына билдирди.
Буга чейин каскадёр өзү социалдык тармактагы баракчасына Сауд Арабиядагы ооруканадан чыгып, мекенине кайтар алдында турганын жарыялаган.
Айнаш Ашированын айтымында, каскадёрду "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алышып, дароо Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып барышкан.
"Кызым арыктап, алсыз болуп келди. Келип эле аябай ыйлады. Буга чейин ортопед Сабырбек Жумабеков менен сүйлөшүп, ал өз көзөмөлүнө ала турганын айткан. Светлана келери менен ошол жакка алып барып, бутун текшерттик. Андан кийин бир аз эс алсын деп үйгө алып келдим. Учакта буттары шишип, кыйналып калыптыр. Азыр эс алып жатат, 27-март туулган күнүнөн кийин Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна барабыз. Ага чейин үйдө эс алып алсын", - деди Аширова.
Сауд Арабияда өтүп жаткан "Көчмөндөр ааламы" фестивалына өлкөдөн миңден ашык маданият жана спорт өкүлдөрү катышты. Ага жалпысынан дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн өкүлдөр келишкен. Иш-чара 9-мартта башталып 2 аптага созулду. Фестивалдын ачылышына бир күн калганда даярдык учурунда Светлана Аширова ат минип бара жатып, кырсыктап оң буту сынып кеткен. Аширова окуянын чоо-жайын айтып берген. 11-мартта каскадёрдун сынган бутуна Сауд Арабиядагы ооруканада операция жасалган.