"Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар экендиги тууралуу билдирүү анык эмес", - деп бүгүн, 25-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул Жеңиш Разаковдун инсандык аброюна жана вице-премьер-министр кызматтык ишмердигине шек келтирүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарында, коомчулукта буга чейин бир канча ирет жайылтылган. "Жеңиш Разаков ички иштер органдарында эмгек ишмердигинин бардык баскычтарын басып өттү. Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, андан соң бул аймактын жетекчиси болуп иштеген. Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар болушу анын бүтүндөй кызматтык ишмердиги бою байкалбай калмак эмес. Ушуга байланыштуу дагы бир ирет белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтын эч кандай негизи жок жана коомчулукту адаштырууда.
Муну менен бирге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айтылган билдирүү боюнча текшерүү жүргүзөт жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өз баасын берет", - деп жазылат маалыматта.
20-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго кайрылып, тажик маалымат булактары аны "кошуна мамлекеттин агенти" деп жазып жатканын айткан. УКМК "вице-премьер Жеңиш Разаков Тажикстандын тыңчысы" делген маалыматтарды иликтей турганын билдирген.