Индиянын Харьяна штатында тереңдиги 18 метрлик кудукка түшүп кеткен 1 жарым жаштагы бала куткарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 1 жарым жаштагы баланы куткаруу иштери эки күнгө созулган. Баланын абалын көрүп туруу үчүн кудукка камера түшүрүлгөн.
"Алгач баланы тор менен чыгарууга аракет кылышкан, бирок андан майнап чыккан эмес. Мындан кийин куткаруучулар кудуктан 6 метр арыраак чуңкур казып чыгышкан. Кийин жердин алды менен адам баткыдай тоннель казылып ал аркылуу бала сыртка аман-эсен чыгарылган. Бала дароо ооруканага жеткирилген, учурда анын абалы туруктуу", - деп айтылат маалыматта.