"Бийликтин узурпациясы жана анын кесепеттери" деп аталган жыйында Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин козгоо керектигин айтышты

Бүгүн, 26-мартта борбор калаада "Бийликтин узурпациясы жана анын кесепеттери" аталышындагы конференция өтүүдө. Конференцияга катышып жаткан коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып кайрадан мурунку абалыбызга келип калбайбыз деген кепилдик жок деп билдирди.

Иш-чарага саясатчылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, экс-депутаттар Ахматбек Келдибеков, Исмаил Исаков катышууда.

"Алмазбек Атамбаевдин 6 жыл президенттик учурундагы ишмердигинин кесепеттери көп. Айрыкча бийликти узурпациялап, жеке кландык түзүмүн куруп мыйзамсыз башкаруу жолуна өттү. Болуп көрбөгөндөй коррупциялык механизмдерди киргизгендиги үчүн ошол эле Тарых музейи, ЖЭБ боюнча жоопкерчиликке тартылсын. Бул боюнча Атамбаевге кылмыш иши козголушу керек.

Башкы прокуратура ага кылмыш ишин козгоого милдеттүү болчу. Күтүп, жашынып отуруу туура эмес, себеби Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу - мыйзамдуулукту калыбына келтирүү болуп саналат. Өлкөдө Аскар Акаевдин доорунан бери келаткан үй-бүлөлүк кландык же жеке кландык башкаруу системин бузуп, Конституциянын чегинде мыйзамдуу мамлекет куруу маселеси турат.

Бул маселе коом жана биз үчүн маанилүү. Кайрадан мурунку абалыбызга келип калбайбыз деген кепилдик жок. Себеби бүгүнкү күндө да Атамбаев курган эрежелер менен жашап жатабыз. Ошол себептен Жогорку Кеңешке койгон талабыбыз катуу. Жогорку Кеңеш чечкиндүү кадамдарга барып, Алмазбек Атамбаевдин маселеси боюнча ачык талкуу кылып, бүгүнкү бийлик мындайды кайталабашы үчүн тоскоолдуктарды жаратышы керек", - деди Каптагаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан