Президенттик аппараттын мурунку башчысы Жогорку Кеңештин төрагасынын Атамбаевдин дарегине айткан сынына жооп кайтарды

Президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айткан сынына жооп кайтарды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта КСДПнын басма сөз кызматы билдирди.

"20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Атамбаевдин дарегине далилсиз айыптоолор айтылды. Сиз айтып жаткан “фейк” маалыматка өзүңүз ишенбей жаткандай сезилди. 17-мартта экс-президенттин парламент тууралуу билдирүүсүнөн кийин аргасыздан айтылган жооп экени көрүнүп турат. Менин билишимче, экс-президент сиз менен айтышууга барбайт. Бирок биздин активисттердин талабы менен сизге ачык кат менен кайрылууну туура көрдүм. Тарыхчылардын жана саясат таануучулар билдиргендей, Алмазбек Атамбаев да Кыргыз мамлекетинде курган жаратман лидерлердин катарында калат. Атамбаевдин Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттүүлүгүнүн негизин бекемдөөгө кошкон эмгеги бааланат. Президенттер жана парламенттер да чече албай турган нерселер бар. Эл, убакыт жана тарых илими тактаган нерселер да бар", - деп жазылат маалыматта.

17-мартта Атамбаев парламент тууралуу сын-пикирин айткан. "Парламентти карасаң бир тобу чимкириктей. Асылбек Жээнбеков "чимкиргиле" десе чимкиришет, "тарткыла" десе тартып алышат", - деген Атамбаев.

Жогорку Кеңештин төрагасы буга жооп кайтарган. "Сиздин ачуу эмоцияга алдырып айткан сөздөрүңүздү коррупцияга шектелген жакын адамдарыңызды актоого аракет деп баалайбыз. Бирок мыйзам алдында баары бирдей экенин унутпаңыз", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан