Депутат Аалы Карашев: "Кыргыз мамлекети ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалана албай жатат"

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз жерине мамлекеттик сапары менен 28-мартта келет. Кыргыз Республикасы үчүн Орусия негизги стратегиялык өнөктөш болгондуктан бул сапар абдан маанилүү. Анда бир нече документтерге кол коюлмакчы. Ошондой эле тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

SUPER.KG порталынын "Бул сапарда негизги кандай маселелер көтөрүлүшү керек?" деген соболуна депутат Аалы Карашев жооп берди. Ал Орусия менен кызматташтыкты алдыңкы деңгээлге чыгаруу керектигин айтты.

“Экономикалык тармак боюнча кызматташтыкты жүргүзүш керек. Кыргыз мамлекети менен Орусиянын мамилесин бир тепкичке жогору чыгаруу шарт. Кыргыз мамлекети ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалана албай жатат. Өлкөнүн айыл чарба продукцияларынын канчасы өтпөй калып жатат. Ошолорду өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрсө жакшы болмок. Орусиянын аймактары менен кызматташтыкты күчөтүү зарыл. Орусиядагы өнөр жай ишканалары менен кызматташтыкты күчөтүү керек. Иши токтоп турган ишканаларды жандандыруу боюнча келишимдерге кол коюлса жакшы болмок. Элдин жашоо деңгээлинин көтөрүлүшүнө түрткү боло турган долбоорлор ишке ашса жакшы болот эле”, - дейт Карашев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Исхак Масалиев, Алмамбет Шыкмаматов, саясий серепчи Игорь Шестаков, экс-депутат Феликс Кулов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан