Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз жерине мамлекеттик сапары менен 28-мартта келет. Кыргыз Республикасы үчүн Орусия негизги стратегиялык өнөктөш болгондуктан бул сапар абдан маанилүү. Анда бир нече документтерге кол коюлмакчы. Ошондой эле тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
SUPER.KG порталынын "Бул сапарда негизги кандай маселелер көтөрүлүшү керек?" деген соболуна экс-депутат Феликс Кулов жооп берди.
Ал Кыргыз мамлекети менен Орусиянын президенттеринин жолугушуусунда аскердик окуу борборун ачуу тууралуу кеп козголсо жакшы болмок деген пикирде.
“Орусиянын президенти келгенде чакан ГЭСтер тууралуу кеп козголот. Бул тууралуу президенттик аппараттын cтратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев жыйын өткөрүп жатып айтты. Менин жеке пикиримде, Орусиянын лидери келгенде алгач экономикалык маселелерге көңүл буруу керек. Ал эми аскердик базанын турушу боюнча келишим азырынча эрте. Орусиянын аскердик базасын тургузуунун ордуна аскердик окуу борборун ачуу зарыл. Аталган мамлекеттин аскердик базасын тургузуу менен Кыргыз мамлекетиндеги эксперттердин каршы билдирүүлөрү чыгышы мүмкүн, анткени Кыргыз өлкөсү эгемендүү. Эгемендүү өлкөнү эмнеге басып алышат деген нааразычылыктар пайда болот. Бизде Жамааттык коопсуздук келишим уюму бар. Бул келишимдин негизинде аскердик окуу борбору керек. Негизи Орусия бул жаатта Сириядан жакшы тажрыйба алды. Эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунда мына ушул маселелер тууралуу сөз козголсо туура болот”, - деди Кулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Аалы Карашев, Алмамбет Шыкмаматов, Исхак Масалиев, саясий серепчи Игорь Шестаков, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.