Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз жерине мамлекеттик сапары менен 28-мартта келет. Кыргыз Республикасы үчүн Орусия негизги стратегиялык өнөктөш болгондуктан бул сапар абдан маанилүү. Анда бир нече документтерге кол коюлмакчы. Ошондой эле тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
SUPER.KG порталынын "Бул сапарда негизги кандай маселелер көтөрүлүшү керек?" деген соболуна саясий серепчи Игорь Шестаков жооп берди. Анын пикиринде, кыргыз тарапта Орусияга сунуштай турган эч нерсеси жок.
"Кыргыз-Орусия кызматташуусунун динамикасы туруктуу. Жүздөгөн документтерге кол коюлган, бирок ишке ашкан долбоорлор жокко эсе. Инвестицияларды жана технологияларды мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдаланууга аракет кылыш керек. Путиндин сапары мамлекеттик болгондуктан, эки өлкөнүн экономикалык кызматташуусуна өзгөчө көңүл буруу туура.
2015-жылы мен "Кыргыз-Экспого" катышкам. Анда ири инвесторлор 300-400 тонна айыл чарба продукцияларын кабыл алууга даяр экенин айтышкан, бирок биз мындай көлөмдө продукцияларды өндүрө албай жатабыз. Өзбекстан ЕАЭБге мүчө болбосо да, Орусияга ири көлөмдө айыл чарба продукцияларын экспорттойт. Беларустун жалпы Орусия боюнча соода тармагы бар. Биздин маселебиз - бизде Орусияга сунуштай турган эч нерсе жок. Путин биздин ордубузга маселелерибизди чечпейт. Бардыгы өз колубузда. Өкмөт эл аралык рынокторго чыгара турган продукциялардын өндүрүшүн өнүктүрүү багытында иштеш керек. Биз эмгек мигранттарынын өлкөсү болбошубуз зарыл. Мисалы, IT тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүбүздү сунуштасак болот", - деди Шестаков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Аалы Карашев, Алмамбет Шыкмаматов, Исхак Масалиев, экс-депутат Феликс Кулов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.