Бүгүн, 26-мартта Ингушетияда бийликке каршы нааразычылык акциясы уюштурулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, акция Чеченстан менен Ингушетиянын чек арасы боюнча маселе чыккандан улам өтүп жатат. Катышуучулар президент Юнус-Бек Евкуровдун отставкасын талап кылышууда. Митингдин уюштуруучуларынын бири Магомед Муцольгов чет элдик басылмаларга берген маегине ылайык, акцияга 30 миңдей киши катышып жатат. Анын айтымында, учурда бийлик тараптан реакция жок.
20-мартта Юнус-Бек Евкуров республиканын чек арасын, аталышын референдумсуз өзгөртүүгө жол берген мыйзам долбоорун чакыртып алган. Бул мыйзам долбоору 28-мартта парламентте экинчи окууда каралмак.