Ырчы Эдил Маматовдун “Багынбас махабат” көркөм тасмасына саундтрек катары жазылган “Элиза” аттуу ырынын клиби жарык көрдү. Ырдын сөзү, обону Жумали Сопуевге таандык. “Тасмада башкы каармандын ролун ойногон кыздын аты Элиза ошол себептен, ырдын аты ушундай аталган”,- дейт чыгарманын автору Ж.Сопуев.