Британияда кылмышкерлер абакта жаткандарга баңги затын ташуу үчүн келемиштерди колдонушкан. Мындай маалыматты The Guardian басылмасы жазды.
Дорсетте жайгашкан түрмөнүн кызматкерлери абактын аймагынан курсактары тигилген 3 чычкандын өлүгүн табышкан. Аларды сойгондо ичинен тамекинин кагазына салынган баңги заты, уюлдук телефондор, алардын кубаттандыргычтары жана SIM-карталар чыккан.
Келемиштердин өлүктөрүн дубалдын аркы өйүзүндөгү эркиндикте жүргөн кылмышкерлер абактагылар үчүн ыргытышканы кийинчерээк белгилүү болгон. Ушундай эле абакта тыюу салынган буюм, заттарды алып кирүү үчүн буга чейин теннистин топтору жана көгүчкөндүн өлүктөрү колдонулганы да айтылат маалыматта. Учурда абактын ичиндеги кайсы кылмышкерлер үчүн мындай буюм, заттар берилмекчи болгону териштирилүүдө.