50 жаштагы литвалык жаран Google жана Facebook'тан алдамчылык жол менен 121 миллион доллар уурдаган деп айыпталууда

Литвалык 50 жаштагы Эвальдас Римасаускас Google жана Facebook компанияларынан 121 миллион доллар уурдаган деп айыпталып жатат. Бул тууралуу АКШнын Юстиция министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Эвальдас Римасаускас аталган компаниялар тарабынан берилген ишти аткарбай, алган каражат тууралуу жасалма эсеп билдирмелерин жөнөтүп турган.

"50 жаштагы литвалык Quanta Computer компаниясынын кызматкери алдамчылык жол менен Google жана Facebook'тан 120 миллион доллар алганын моюнуна алды. Ал алдамчылык жол менен 2013-жылы Google'дан 23 миллион доллар, ал эми Facebook'тан 2015-жылы 98 миллион доллар алган.

Бул ишти карап жаткан прокурор аталган компаниялар жоготкон акчаны Римасаускас төлөп бербейт жана ал үчүн жоопкерчилик албай турганын айткан. Бирок ал алдамчылык жолго барганы боюнча күнөөлөнүп жатат деген", - деп жазылат маалыматта.

Кылмышкер 2017-жылы АКШда кармалган, тергөө иштери аягына чыкса ал 30 жылга эркинен ажыратылып, 50 миллион доллар айып пул төлөшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kubat77
2019-03-27 19:49:37
Балаа элдин балдары
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан