Балдарына ВИЧ илдетин жугузуп алган ата-энелерге жардам берүү убадаланды

Балдарына ВИЧ илдетин жугузуп алган ата-энелерге жардам берүү убадаланды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта SUPER.KG порталына Дильдора Б. билдирди.

Борбор калаада 25-март күнү Ош жана Ноокаттан балдарына ВИЧ илдетин жугузуп алган энелер митингге чыккан. Алар бир катар талаптарды коюп, мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөй жатканына нааразы болушкан.

"Биз менен бир катар министрликтердин өкүлдөрү жолугушуп арыз-муңубузду, талаптарыбызды угушту. Саламаттыкты сактоо, Социалдык өнүгүү министрлигинин, президенттик аппараттын өкүлү, депутаттар жолугушууга келишти. Алар бизден 1 ай убакыт сурап, бул маселени чечүүгө убада беришти. Бул окуяны иликтөө үчүн комиссия жана жумушчу топ түзүлмөй болду. Алар 2007-жылдан тарта 2019-жылга чейин тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзмөй болушту. Текшерүү иштеринин алкагында ВИЧ илдети жугуп калган балдардын медициналык карталары жана башка документтери тыкыр текшерүүгө алынмай болду", - деди Дильдора Б.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Бишкекте өткөн митингге Ош шаарынан, Ноокат районунан келген энелер катышкан. Алар мамлекет тарабынан 4 миң сом жөлөк пулдан башка эч кандай колдоо болбогонуна нааразычылыгын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pchelka85
2019-03-27 18:26:43
Как всегда... убада... убада..убада...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан