Бишкекте балдары медициналык жардам алуу учурунда ВИЧке кабылган энелер митингге чыгышты

Бүгүн, 25-мартта Ак Үйдүн алдына Ош облусунда, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорундагы ооруканаларда балдарына ВИЧ жуккан энелер балдарын жетелеп пикетке чыгышты.

Ош облусунан дартка кабылган балдары менен келген энелердин саны 40ка чамалайт. Алар бүгүн эртең менен келишкен. Митингге чыккандардын айтымында, 2004-жылдан 2007-жылга чейинки аралыкта төрөлгөн балдарда ВИЧ жугузгандар көп. Алардын баарына ооруканада жатканда жуккан деген жүйөлөрдү келтиришүүдө. Борбор калаага келген энелер мүмкүнчүлүгү барлары гана келе алган болушса, көйгөйүн айтууга бел байлап, бирок келе албай калган ата-энелер да бар. Жалпы Ош облусу боюнча 520дан ашуун балага медициналык жардам көрсөтүлүп жаткан учурда ВИЧ жуккан деген божомолдор бар. Апалардын айтымында, аларга 3000-4000 сомдон жөлөк пул берилгенден башка мамлекет тарабынан жардам жок.

Пикетке чыккандардын ушул маселеге байланыштуу бир нече талаптары бар.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан