КСДПнын 6-апрелде өтө турган кезектеги съездин үзгүлтүккө учуратуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу КСДПнын катчылыгынын жетекчиси Таалай Усубалиев билдирүү таратты.
"Бүгүн айрымдар тарабынан КСДПнын 6-апрелде өтө турган кезектеги съездин үзгүлтүккө учуратуу аракеттери көрүлүүдө. Бул максатта алар өздөрүнүн съездин үч күн мурда чакырууну көздөп жатышат. Бирок мыйзамдуу өтөт деп жатышкан съездге делегаттар жергиликтүү партиялык уюмдардан шайлоо керек экени алардын акылына түштөн кийин киргендей. Ансыз өздөрүнүн чогулушуна булар эч кандай мыйзамдуу макам да, түр да бере албайт.
Ошондуктан алар учурда Көлбаев деген адамдын атынан партиянын жергиликтүү уюмдарына жогорудагыдай конференцияны тезинен өткөрүү сунушу айтылган каттарды жиберишүүдө. Көлбаев аттуу адамды биз партиянын борбордук аппаратынан эч качан көргөн эмеспиз. Муну менен алар партиячылардын башын айландырышууда. КСДПнын бирден бир мыйзамдуу 18-съезди 6-апрель күнү өтөт. Партиялаштарыбызды чагымдарга алдырбоону жана КСДПнын өткөн съездде мыйзамдуу шайланган саясий кеңешинин чечимдерин аткарууну өтүнөм", - деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова маалымат жыйын өткөрүп, партиянын съезди 6-апрелде болорун билдиришкен. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 4-мартта КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны болгонун, анда КСДП 3-апрелде кезектеги съездин өткөрүү чечимин кабыл алганын айткан.