Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин уулу Кубаныч Каптагаев Чолпон-Атадагы №2 мамлекеттик резиденциянын директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта SUPER.KG порталына Кубаныч Каптагаев өзү тастыктады.
Анын айтымында, ал бул кызматка февраль айында дайындалган.
Социалдык тармактарда Эмилбек Каптагаевдин Алмазбек Атамбаевдин дарегине карата сын-пикирлерин билдирип жатканын анын уулу кызматка барганына байланыштырып жатат.