Бир жылга жакын жыйынга келбеген депутат Насыр Мусаевдин ордуна Айнура Аскарова келиши мүмкүн. Бул тууралуу "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.
Анын айтымында, Айнура Аскарова аталган фракциянын катчылыгында иштейт. Кечээ, 26-мартта Баатырбеков Насыр Мусаевдин мандатын карап көрүү боюнча фракциянын атынан Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылганын билдирген. Спикер бул маселени кароону Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетке жөнөткөн.
Аталган комитеттин мүчөсү Айнуру Алтыбаева бул маселе качан каралары кийинки аптада чечиле турганын SUPER.KG порталына билдирди. Ал белгилегендей, эл өкүлдөрү бул аптада шайлоочулар менен жолугушууда.
Былтыр 18-апрелде Насыр Мусаев Жогорку Кеӊештин жыйынында ант берген. Ал депутат Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келген. Ант берүүгө мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасы менен келген.