Белгисиз адам Москванын түштүк-батыш тарабында Литва бульварында жайгашкан мектепке "бомба коюлду" деп маалымдады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, бомба тууралуу маалымат түшкөн соң 300 окуучу жана мугалимдер окуу жайдын имаратынан чыгарылды. Учурда текшерүү жана тинтүү иштери жүрүүдө.
"Белгисиз адам №1206-мектепте бомба коюлганы тууралуу маалымдаптыр. Коопсуздук үчүн мектептен 300дөй адам эвакуацияланды. Атайын кызматтан жана кинологдор текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат", - деп жазышат орусиялык ЖМКлар.