27-мартка караган түнү Швециянын Стокгольм шаарында жарылуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, жарылуудан улам 5 адам жаракат алды. Алардын үчөөсүнө окуя болгон жерден медициналык жардам көрсөтүлдү, экөө ооруканага жеткирилди. Жарылуу болгон жердеги мейманканада айнектер талкаланып, жанындагы унаалар жабыркады. Окуянын себеби аныктала элек, полиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.