"Мекенчил" партиясы 23-апрелде Өмүрбек Текебаевди, Дүйшөнкул Чотоновду, Садыр Жапаровду колдоп митингге чыгышат. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта маалымат жыйында аталган партиянын мүчөсү Бекболсун Абсатаров билдирди.
Анын айтымында, алар "Ата Мекен" партиясынын митинг өткөрүү демилгесин жана аты аталган саясатчыларды колдоп митингге чыгышат. "Саясий куугунтук менен камалгандарды актасын деп талап кылабыз. Эки партиянын лидери камакта болгондуктан биригип митингге чыгууну туура көрдүк", - дейт ал.
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган.
Жаңы ишке кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу Жапаровдун ишин кайра кароо 23-апрелге белгиленген.