Учурда бийликке тең ата каршы болуп чыга ала турган бирдиктүү жана күчтүү оппозиция жокко эсе. Саясий тажрыйбасы зор жана оппозициялык күчтөрдү бириктирүүгө дарамети бар 2 саясатчы Өмүрбек Бабановдун жана Өмүрбек Текебаевдин "колдору байланып турат". УКМК эгер Бабанов өлкөгө кайтып келсе, жоопко тартыларын билдирди. Ал эми президент Текебаевге ырайым кылуудан баш тартууда.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийликтин Бабановду келтирбей, Текебаевди түрмөдөн чыгарбай жатканынын себеби эмнеде?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.
Ал экс-депутат Өмүрбек Бабановго карата саясий куугунтук уланып жатканын айтты.
“Мындан эки ай мурун экс-президент Алмазбек Атамбаев мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго эки берене боюнча коюлган күнөөлөр негизсиз экенин айткан. Атамбаевдин мындай билдирүүсү УКМКны жооп берүүгө мажбур кылды. Бабановго карата бир беренеси алынса дагы, экинчи берене “улут аралык араздашуу” боюнча жоопко тартылышы керектигин УКМК билдирди. Муну мен негизсиз деп айтам. Анткени Бабановго карата саясий куугунтук уланып жатат. Мындай куугунтук Садыр Жапаровго жана Өмүрбек Текебаевге да улантылууда. Саясий куугунтук менен абакта жаткан саясатчыларды бийлик эркиндикке чыгаруудан коркуп жатат. Анткени алардын баары бир саясатта кандайдыр бир орду бар. Текебаевди абактан чыгаруу зарыл. Ага карата мыйзамсыз кылмыш иши козголгон. Ошондуктан УКМК менен Башкы прокуратуранын иликтөө кызматында отургандар жоопко тартылышы абзел. Ал эми Бабанов өзүн күнөөсүз сезсе, Кыргыз мамлекетинде жашап кызмат кылууну кааласа элге таянып өз мекенине кайтып келүүсү керек”, - деди Турдукулов.
Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов, жарандык активист Мелис Аспеков, Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева жана Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин пикири бул шилтемеде.