Учурда бийликке тең ата каршы болуп чыга ала турган бирдиктүү жана күчтүү оппозиция жокко эсе. Саясий тажрыйбасы зор жана оппозициялык күчтөрдү бириктирүүгө дарамети бар 2 саясатчы Өмүрбек Бабановдун жана Өмүрбек Текебаевдин "колдору байланып турат". УКМК эгер Бабанов өлкөгө кайтып келсе, жоопко тартыларын билдирди. Ал эми президент Текебаевге ырайым кылуудан баш тартууда.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийликтин Бабановду келтирбей, Текебаевди түрмөдөн чыгарбай жатканынын себеби эмнеде?" деген соболуна экс-депутат Асия Сасыкбаева жооп берди.
Ал бийлик Өмүрбек Бабановдун өлкөгө келип өзүн актоого мүмкүнчүлүк түзүшү керек деген пикирин айтты.
"Бабанов боюнча конкреттүү далили бар айыптоолор жок болуп жатпайбы. Ошондуктан бул маселенин баары эле саясий куугунтук деп эсептелет. Менин оюмча кылмыш ишин ачууга далил жетиштүү эмес. Тескерисинче аны келтирип, өзүн актагандай кылышы керек. Далили жок эле иш ачам деген мамлекет жагынан туура эмес. Бүгүнкү күндө биз саясий элитанын баарын сындырдык", - деди Сасыкбаева.
Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов, жарандык активисттер Мелис Аспеков, Адил Турдукулов, Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин пикири бул шилтемеде.