Жер Ортолук деңизде ливиялык мигранттар аларды куткарып калган кемени барымтага алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, Elhiblu-1 жүк ташуучу кемесинин капитаны Европага кирүүгө аракет кылып жүргөн 108 ливиялык мигрантты кемеге салып алган. Мигранттар кеменин кайрадан Ливияга сапар алганын билген соң, экипажды барымтага алып, кеменин курсун Мальта өлкөсүнө бурган. Мальта бийлиги аталган маалыматтарды тастыктап, бирок кемени өлкөнүн жээгине жакындатпай турганын белгилеген.
Ал эми Италиянын премьер-министринин орун басары Маттео Сальвини кемени барымтага алгандарды "чыныгы пираттар" деп атаган.
"Мальта сыяктуу эле Италиянын порттору да кемени барымтага алгандарды жолотпойт. Алар Италияны телескоп аркылуу гана көрүшөт", - деп билдирген Сальвини.
Белгилүү болгондой, экипаждын мүчөлөрү менен байланышка чыгууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.