
Кытайда эгиз уулдуу болгон аялдын балдарынын аталары эки башка болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Фуцзянь провинциясында болгон. Эгиз уулдуу болгон аялдын бир баласы апасына да, атасына да окшош эмес болуп чыккан. Мындан улам үй-бүлөдө жаңжал чыккан.
"Аялына ишенбеген жаран ымыркайлардын ДНКсын текшерүүнү талап кылган. Анын жыйынтыгына ылайык, балдардын биринин атасы башка адам экени аныкталган. Алгач аял күйөөсүн бул нерсени атайылап жасап жатат деп күнөөлөгөн, бирок кийинчерээк ала жипти аттаганын билдирген. Чындыкты билген жаран өзүнүн гана баласын каралашарын айтып, эгиздин түгөйүнөн баш тарткан. Мындай көрүнүш жаныбарларда көп кездешет, адамдарда сейрек кездешүүчү көрүнүш", - деп айтылат маалыматта.