88 жаштагы Аргентинанын экс-президенти дээрлик 4 жылга камалды

88 жаштагы Аргентинанын экс-президенти Карлос Менем 3 жыл 9 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Менемге "1991-жылы мамлекеттин карамагындагы айыл чарба ассоциациясын төмөндөтүлгөн баада саткан" деген айып тагылган. Мамлекеттик айыптоочулардын пикиринде мындай жол менен ал өлкө казынасына 100 миллион доллардан ашык зыян келтирген.

Ошондой эле өлкөнүн мурдагы экономика министри Доминго Кавальо да айыпка тартылган. Соттун чечими менен Кавальо 3 жарым жылга, ал эми мурдагы президент 3 жыл 9 айга эркинен ажыратылды.

Карлос Менем Аргентинаны 1989-1999-жылдар аралыгында башкарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
interpol
2019-03-28 09:00:31
Мына мисал, неге бизде мындай кылуга болбойт биздикинин күнөөсү мунун алдында тоодой. Мадумаров айткандай АШАны 90% эл күтүп атат камалышын
0
NURSAPAR
2019-03-28 12:07:46
Биздикилер качан камалаар экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан