Кыргыз-Орус мамлекет башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүштү. Орусиянын президенти Владимир Путин чакыруу үчүн ыраазычылык билдирди. "Кыргыз мамлекети - биздин стратегиялык өнөктөш. Биз эл аралык аянтчада эки тараптуу иштеп келгенбиз, иштей беребиз. Жакында өтө турган эл аралык ШКУнун иш-чарасы бийик деңгээлде өтөт деп ишенебиз. Кыргыз өлкөсүндөгү туруктуу абал социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүп жатат", - дейт Путин.
Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президентинин мамлекеттик иш сапары менен келгенине ыраазычылыгын билдирди.
Учурда кеңири курамда жыйын өтүүдө.