Бүгүн, 28-мартта Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын президенти Владимир Путин бир канча документтерге кол коюшту.
- Кыргыз-Орус мамлекеттеринин ортосундагы 2012-жылдын 20-сентябрынан Кыргыз Республикасынын аймагында Бириккен Орусия аскердик базасынын статусу жана болуу шарттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүү тууралуу протокол;
- Аскердик-фельдъегердик-почта байланышы жаатында кызматташтык жөнүндө Кыргыз-Орус ортосундагы макулдашуу;
- Мунай жана мунайзатты жеткирүү чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
- Кыргыз-Орус Экономика министрликтеринин ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү боюнча өз ара иштешүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Орусия интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматынын ортосундагы PatSearch патенттик издөөнүн маалыматтык-издөө системасына кирүүгө уруксат берүү тууралуу макулдашуу;
- Кыргыз Транспорт жана жолдор министрлиги, "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы менен Орусиянын Транспорт министрлиги, "Орусия темир жолдору" ачык акционердик коомунун ортосунда Кыргыз аймагындагы темир жол тармагын өнүктүрүү долбоору боюнча кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Билим берүү жана илим министрлиги менен Орусиянын агартуу министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Орусиянын спорт министрлигинин ортосундагы дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Саламаттык сактоо министрлиги менен Орусиянын адамдын бакубаттуулугун жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тармагын көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматынын ортосундагы эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди киргизүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз өлкөсүнүн президентинин алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Орусиянын улуттар иши боюнча федералык агенттигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен Орусиянын "Газпром" ачык акционердик коомунун ортосундагы мунайгаз тармагындагы инвестицияга тийиштүү жол картасы;
- "ВТБ" банкы менен "Группа Альянс" ААК жана "Альянс Алтын" ЖЧКнын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен Орусиянын түз инвестициялар фондунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- "Астра Солар" ЖЧК, "Хэвел" ЖЧК менен ВЭБ мамлекеттик корпорациясынын ортосунда продукцияларды экспорттоо жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2019-2021- жылдарга кызматташтык жөнүндө жол картасы;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ассоциациясы менен Орусиянын ректорлор союзунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз өлкөсүн президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы менен Орусиянын президентинин алдындагы эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум.