2019-жылдын февраль айында Москвада "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башчысы Канатбек Абдыкеримов менен "Орусиянын темир жолдору" компаниясынын башчысы Олег Белозёровдун жолугушуусу өткөн. Мындан улам "Кыргыз темир жол тармагы Орусияга сатылат" деген жоромолдор пайда болгон. "Кыргыз темир жолунун" өкүлдөрүнүн мындай маселеси күн тартибинде жок деген жообуна ишенбегендер да бар.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтсө, мамлекеттик эгемендүүлүккө коркунуч жаралбайбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жооп берди.

Ал "Кыргыз темир жолу" Орусиянын карамагына өткөн же өтпөгөнү тууралуу кабардар эмес экенин айтты.
"Тиешелүү расмий кагазды көргөн жокмун. Эгер көрсөм айтып берем. Келишим ачыкка чыга элек да. Эптеп эле бийликти жаман көрсөткүсү келген маалымат каражаттарынын бардыгы келишимди көрбөй эле урдуруп жатышат, ал эми мамлекетти колдогон телеканалдар "жакшы болду, инвесторлор келди" деп жатат. "Кыргыз темир жолу" Орусиянын карамагына өттү деген маалымат канчалык чын экенин билбейм", - деди Акаев.
Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары
Чыныбай Турсунбеков, Исхак Масалиев, Улугбек Ормонов, саясий серепчи
Сапар Орозбаков, экс-депутат
Каныбек Осмоналиев жана коомдук ишмер
Эмил Үмөталиевдин пикири бул
шилтемеде.