Депутат Улугбек Ормонов: "Кыргыз темир жолу" акционердик коом эмес, ошондуктан Орусиянын көзөмөлүнө өтөт дегенге болбойт"

2019-жылдын февраль айында Москвада "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башчысы Канатбек Абдыкеримов менен "Орусиянын темир жолдору" компаниясынын башчысы Олег Белозеровдун жолугушуусу өткөн. Мындан улам "Кыргыз темир жол тармагы Орусияга сатылат" деген жоромолдор пайда болгон. "Кыргыз темир жолунун" өкүлдөрүнүн мындай маселеси күн тартибинде жок деген жообуна ишенбегендер бар.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтсө, мамлекеттик эгемендүүлүккө коркунуч жаралбайбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов жооп берди.

Ал “Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтөт деген маселе күн тартибинде жок" деген пикирин айтты.
"Бүгүнкү күндө "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишкана. Ал акционердик коом эмес. Ошондуктан ишкана Орусияга өтүп калышы мүмкүн деген маселе күн тартибине коюлушу туура эмес. Эгер акционердик коом болуп, кайсы бир пайызын Орусия сатып алса, бул биргелешкен ишкана болот десе башка маселе болмок. Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтсө кандай болот? дегенге жооп бере албайм. Негизи биз Орусия менен биргеликте же башка жол мененби Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолун курушубуз керек. Бул күн тартибиндеги чоң маселе. Бизге мындай темир жолдун курулушу абдан зарыл. Кыргыз өлкөсү туңгуюктагы мамлекет болбошу керек, транзиттик өлкө болушу кажет. Ошол темир жолду курууда Орусия, Өзбекстан, Кытай менен биргеликте бир ишкана түзүлсө, мен муну колдойм. Биз өзүбүз мындай темир жолун кура албайбыз", - деди депутат.
Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Жанар Акаев, Исхак Масалиев, саясий серепчи Сапар Орозбаков, экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан