2019-жылдын февраль айында Москвада "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башчысы Канатбек Абдыкеримов менен "Орусиянын темир жолдору" компаниясынын башчысы Олег Белозеровдун жолугушуусу өткөн. Мындан улам "Кыргыз темир жол тармагы Орусияга сатылат" деген жоромолдор пайда болгон. "Кыргыз темир жолунун" өкүлдөрүнүн мындай маселеси күн тартибинде жок деген жообуна ишенбегендер бар.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтсө, мамлекеттик эгемендүүлүккө коркунуч жаралбайбы?" деген соболуна коомдук ишмер Эмил Үмөталиев жооп берди.

Анын пикиринде, темир жол тармагын менчиктештирүү керек.
"Темир жол тармагын башка өлкөнүн мамлекеттик ишканасына тапшырып берүү советтик доордогудай кайра көз карандуулукка алып келет. Бул тармакты менчиктештирүүгө алыбыз, акылыбыз, күчүбүз жетсе, анда өлкөбүзгө жакшы болмок. Башка жол таба албай калганыбыз өкүнүчтүү нерсе.
Экинчинден, биздин чек арабыз Кытайга жакыныраак, анын бүгүнкү күндөгү инвестициялык долбоорлору абдан кызыктуу жана керектүү өнүгүп турган долбоорлордон биз дагы эле чектелип, алыстап калабыз. Ошол себептен бул эки чоң оюнчунун ортосунда биз дүйнөнүн ийгиликтүү алыскы темир жолчусуна, үчүнчү оюнчусуна тапшырсак, акыл-эстүү иш болот эле. Темир жол бүт экономикага таасири тийгидей күчкө ээ. Аны орус тарапка тапшыруу менен көп үлүшүбүздү мурда ээлеп турган оюнчуга карматып койгондойбуз. Экинчи коркунучтуу нерсе менчик эмес мамлекеттик оюнчулар болуп жатпайбы, алар көбүнчө мамлекеттин саясатын жүргүзүшөт. Өзүнүн да кызыкчылыгын толук бойдон коргошу мүмкүн, бирок саясатка кызмат кылып калышы толук ыктымал”, - дейт Үмөталиев.
Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары
Чыныбай Турсунбеков, Жанар Акаев, Исхак Масалиев, Улугбек Ормонов, саясий серепчи
Сапар Орозбаков, экс-депутат
Каныбек Осмоналиевдин пикири бул
шилтемеде.