Кыргыз-Орус мамлекеттеринин ортосунда 6 миллиард доллардан ашуун суммага эки тараптуу документтерге кол коюлду

Кыргыз-Орус мамлекеттеринин ортосунда 6 миллиард доллардан ашуун суммага эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 28-мартта Кыргыз-Орус аймактар аралык конференция өттү. Жыйынга Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков жана Орусиянын президенти Владимир Путин катышты. Конференцияга орусиялык жана кыргыз компаниялардын 700дөн ашык өкүлдөрү катышты. Форум Кыргыз-Орус ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калганын билдирет. Кол коюлган келишим жана аймактар аралык макулдашуулар эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө кызмат кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан