29-мартта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири Фарид Ниязовго кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Кийинки аптада 6-апрелде КСДПнын жалпы республикалык съезди өтмөкчү.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДПнын съездинин алдынан Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири Фарид Ниязовго кылмыш иши козголду. Бул съездди өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу аракетиби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.
Ал Фарид Ниязовго кылмыш ишинин козголушу КСДПнын съездин өткөрбөй коюу аракети деген пикирде.
“Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынын бири, бүгүнкү санаалашы, аны сатпаган Фарид Ниязовго кылмыш ишинин козголушунда саясий боёк бар деп айтсак болот. Атайын ачылган кылмыш иш экени көрүнүп турат. Болбогон нерсе менен бирөө арыз жазды, 200 миң сомду башка жакка которуп койгон деген кылмыш ишинин ачылышы - бул Атамбаевге болгон басым, КСДПнын съездин өткөрбөй коюу аракети. Атамбаевден көпчүлүк санаалаштары кетти. Кетпеген 4-5 кишиси калды. Аларды Атамбаевден кетирүү максатында жасалма, саясий багыттагы кылмыш иши ачылып жатканы көрүнүп турат”, - дейт Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, жарандык активист Алга Кылычов, КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков, КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири бул шилтемеде.